Меню

Алмаз Шаадаев - Арзуу

Кыргызские тексты песен | Просмотров: 2


Текст песни - Алмаз Шаадаев - Арзуу 

Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Коодондо калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, жашап башкага ,
Баш ийип басып наздана .
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагынчым , кантип сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда неге келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.