Меню

Гүлнара Кахарова - Туулган күн

Кыргызские тексты песен | Просмотров: 0


Гүлнара Кахарова — Туулган күн - текст песни

Бокалдардын шыңгыр эткен дабышы,
Кубанычтан толкуп жүрөк кагышы.
Мага жагат менин туулган күнүмдө,
Ойноп-күлсө коноктордун баарысы.

Кайырма:
Бейиш болуп досторумдун арасы,
Кандай гана бактылуумун, карачы?!
Кереги эмне байлык, бийлик башканын?
Ырлар, анан достор менин канатым.

Мага жагат көздөр кирсиз караган,
Капаланып, кайгырбаса жан адам.
Мага жагат бири-бирине жакшылык,
Бакыт гана тилеп турса ар адам.

Кайырма:
Кетсе кайра келбейт экен жаштыгың,
Ырдайлычы тирүүлүктүн жакшы ырын.
Жок дегенде бүгүн, курбум, айтпачы,
Бул жашоодо өмүрлөрдүн аздыгын.

Кайырма:


Все тексты песен Гүлнара Кахарова