Меню

Диана Чотиева - Жаз жамгыры

Кыргызские тексты песен | Просмотров: 0


Текст песни - Диана Чотиева - Жаз жамгыры

Жаз жамгыры жаайт экилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөчө.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңдү,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.

Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Бул заманда сүйүүм кечигет
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка батынамын,
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөң, угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңдү,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.


Все тексты песен Диана Чотиева