Азат Раимбердиев - Айлуу тундор
Кыргызские тексты песен | Просмотров: 0
Азат Раимбердиев - Айлуу тундор - текст песни
Жаңылбай сүйүү гүл багымды,
Агарган ар бир ак таңымды.
Арнагам сага,
Жан эркем жалгыз бир сага.
Азгырган алсыз оюбуздан,
Жаңылгым келбей жолубуздан.
Сага байланам,
Сагынып келем кайрадан
Припев
Айлуу түндөр ай,
Жашаган ким бар жаңылбай,
Келчи жаныма,
Бул өмүр өтөт кайрылбай.
Айлуу түндөр ай,
Сезимде калган күндөр ай.
Азгырып барат,
Кызыгы биздин өмүр ай.
Билебиз дүйнө жалганын да,
Баш ийип тагдыр жазганына,
Сүйүп келемин,
Өзүмдү арнай беремин.
Алсырап калгандай жүрөгүм,
Ал күндөр келсе деп жүрөмүн.
Унутуп барын,
кайрадан баштайбыз жаным