Меню

Баяман Парпиев - Сагыныч

Кыргызские тексты песен | Просмотров: 0


Текст песни - Баяман Парпиев - Сагыныч

Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымдай көргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.

Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмөн жашым агат, куюлат.

Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.

Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы.


Все тексты песен Баяман Парпиев